Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

АКШ жана Ирактын Башкаруу кеңеши бийлик быйыл жыл ортосунда утурумдук өкмөткө өткөрүлүп берилишин колдойт


Аталган маселе АКШнын президенти Жорж Буш менен Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн шейшембиде Вашингтондо өткөн жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуудан соң Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин билдиргенине караганда, АКШ мурдагы планды карманат, бирок ага тактоолорду киргизүүгө даяр. Ал план боюнча Ирактын утурумдук өкмөтү түз шайлоо жолу менен түзүлбөйт. Адегенде жер-жерлерде өткөн жыйындар аркылуу өкмөттүк орган уюшулуп, андан соң ал орган өкмөт курамын бекитмекчи. Мунун аралыгында Ирактын башкалаасы - Багдадда кечээ да демонстрацияга чыккан миңдеген шийит мусулмандар өлкөдө түз шайлоо өткөрүлүшүн жана Саддам Хусейн дарга асылышын талап кылышты. Демонстранттардын бири Аббас Мехди мындай деди:

-Биз Саддам согуш туткуну эмес, согуш кылмышкери катары каралышын каалайбыз.

Кабарларга караганда, көчөгө чыккандардын саны дүйшөмбү күндөгүдөн аз болду. Анда да он миңдеген шийиттер өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүү үчүн түз шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышкан. Шийиттердин диний лидери улуу аятолла Али ас–Систани да шайлоо өткөрүлүшү керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG