Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Кыргызстанда виза эрежеси жеңилдетилүүдө


БИШКЕК. Туризмди өнүктүрүү максатында Кыргызстанда визалык тартипти жеңилдетүү багытында аракеттер уланууда. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын башчысы Руслан Казакбаевдин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 28 өнүккөн өлкөнүн атуулдары Кыргызстанга визасы жок келе алышат. Кыргызстанга келүүнү каалаган чет өлкөлүк атуул эч кандай чакыруусу жок эле Бишкекке келип, «Манас» аба майданынан же Кыргызстандын ал атуул келген өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн бир айга чейин Кыргызстанга жүрүүгө уруксат кагазын ала алышат. Консулдук кызматын маалыматына караганда, өткөн жылы Кыргызстанга чет элдик 6473 атуул келген. Анын ичинен 5228 атуул кызмат абалына байланыштуу, калган 1245 атуул турист катары келген.

XS
SM
MD
LG