Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Кыргызстандык кыз-келиндер чет өлкөлөрдө кармалууда


БИШКЕК. Учурда Бириккен Араб Эмиратынын тартип коргоо кызматтарында 37, Кытайда 8 жана Түркияда 10 Кыргызстандык кыз-келин аргасыз кармалып турат. Бул мамлекеттерге алар жумушсуздуктун айынан барышып, чегарадан мыйзамсыз өтүп кетишкен. Ошондой эле, бүгүнкү күнү Кыргызстандын 27 атуулу Кытайда барымтада жатат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын жетекчиси Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, учурда барымтадагыларды Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. «Алардын аты-жөнү такталып, жол киреси чечилсе эле, Бишкекке келишет», - деп кошумчалады Руслан Казакбаев.

XS
SM
MD
LG