Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо боюнча эксперттердин жолугушуусу өтүүдө


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча эки өлкөнүн эксперттеринин жолугушуусу 22-январда соңуна чыгат. Мындай сүйлөшүү 19-январдан бери Өзбекстандын Фергана облусунда өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, тараптар учурда талаш-тартышы арбын Фергана өрөөнүндөгү чегара сызыктарын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 28-29-январь күндөрү Бишкекте уланат. «Эларалык толерантуулук» фондунун Баткендеги бөлүмүнүн маалыматы боюнча, буга чейинки сүйлөшүүлөрдө 1295 чакырым келген кыргыз-өзбек чегарасынын 667 чакырымы такталган. Анын ичинде 130 талаштуу жердин алтымышы боюнча тараптар бир пикирге келишкен.

XS
SM
MD
LG