Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Премьер-министр Николай Танаевдин Орусиядагы иш сапары уланууда


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев жетекчилик кылган мамлекеттик делегация учурда иш сапары менен Москвада жүрөт. Өкмөт башчы иш сапары учурунда Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Касьянов баш болгон өкмөт мүчөлөрү жана ишкана жетекчилери менен жолугушаары болжонгон. Премьер-министрдин иш сапары боюнча анын маалымат кызматы кабар тарата элек. Орусиянын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бүгүн Н. Танаев «Газпром» акционердик коомунун башчысы Алексей Миллер менен жолугушту. Ал эми иш сапардын алкагында кечээ Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова менен Эмгек министри Александр Починок эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту. Меморандумга ылайык жакынкы аралыкта Кыргызстанда карылар үйү салынышы ыктымал. Жолугушуу учурунда Орусиянын эмгек министри Орусия легалдуу жумушчу күчкө муктаж болгону менен, жумушчулардын мыйзамсыз жол менен келишине каршы экенин билдирди. Анткени, мыйзамсыз жумушчу күчүнөн салык да алынбайт, ал социалдык жактан коргоо укугунан да ажырап калат.

XS
SM
MD
LG