Укук коргоочулар Канаданы жана Европа Биримдигин өткөн ноябрь айында башталган сот жараянын тездетүү үчүн Ирандын өкмөтүнө кысым көрсөтүүгө үндөштү. Иранда туулган канадалык журналист Каземи былтыр июнь айында камакка алынган. Түрмөдө аны кимдир-бирөөлөр токмоктошкон, акыры ал катуу уруп-сабоонун кесепетинен ажал тапкан. Журналисттин өлүмүнө күнөөлүү деп айыпталган Ирандын коопсуздук кызматынын өкүлүнө кылмыш иши козголгон.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму Иранда набыт болгон журналист Захра Каземинин өлүмүнө байланыштуу тергөө иши жай жүрүп жаткандыгына тынчсызданууда