Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Ирактын Башкаруу Кеңешинин мүчөсү Абдул ал-Хаким АКШнын президенти Жорж Буш Ирактын утурумдук жетекчилери менен жолугушкандан кийин билдиришти. Хакимдин айтымында, жакын арада Иракта жалпы элдик шайлоо өтүшү күтүлөт. АКШ өткөөл бийликтин дайындалышын сунуш кылууда. Багдадда тез арада бүткүл элдик шайлоо өткөрүү жана Саддам Хусейнди жазалоо талабы менен кайрадан нааразылык акциясы болуп өттү.
АКШ жана Ирактын Башкаруу Кеңеши июндун акырына чейин бийликти өткөөл өкмөткө өткөрүп берүү планынан баш тартыша элек