Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Иран өкмөтүнүн бир канча мүчөлөрү Сакчылар кеңешинин чечимине нааразычылык билдиришип, “отставкага кетебиз” деп эскертишти.


Бул тууралуу бүгүнкү өкмөттүк жыйындардын акырында вице-президент Мохаммад Али Абтахи билдирди. Абтахинин сөзүнө караганда, анын кесиптештери реформачыл талапкерлер шайлоодон четтетилгенине байланыштуу “эң олуттуу” кадамга барууга даяр, бирок Сакчылар кеңешинин акыркы чечимине чейин алар отставкага кетпей күтө турушат. Кечээ Сакчылар Кеңеши мурда шайлоодон четтетилген 200 талапкерге парламенттик шайлоого катышууга уруксат берди. Шайлоодон четтетилген талапкерлердин жалпы саны үч миңге чукул.

XS
SM
MD
LG