Бул жыйында негизги көңүл эл аралык коркунуч проблемаларына, Ирактагы согушка, дүйнөлүк экономиканын учурдагы абалына жана Америка долларынын кубатынын төмөндөшүнө бурулат деп күтүлүүдө. Форумга дүйнө жүзүнүн ар тарабынан чогулган эки миңден ашуун көрүнүктүү саясатчылар жана ишкерлер катышышат.