БИШКЕК. Адам укугу боюнча Эл аралык Лига менен Адам укугу боюнча Кыргыз комитети 30-31-январда Бишкекте регионалдык конференция өткөрүүгө кам көрүп атат. Бул тууралуу Рамазан Дырылдаев жетектеген Кыргыз комитетинин кеңсесинен кабарлашты. Конференцияда ЕККУнун адамдык ченемдер боюнча отурумунун жыйынтыктары талкууланат. Конференцияга расмий бийликтин, парламенттин, жергиликтүү жана Эл аралык укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү катышаары болжолдонууда.