Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

МОСКВАДА ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК БИРИМДИГИНИН ИНТЕГРАЦИЯЛЫК КОМИТЕТИНИН ЖЫЙЫНЫ БАШТАЛДЫ

БИШКЕК. Бүгүн Москвада Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык комитетинин 16-отуруму башталды. Ага биримдикке кирген өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери катышууда. Жыйында биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы транспорт каттамын жеңилдетүү жана атуулдардын биримдикке кирген өлкөлөрдүн аймагында эркин жүрүп, эмгектенүүсүнө негиз берүүчү келишимдин долбоорлору каралууда. Отурумга Кыргызстандын биримдиктеги туруктуу өкүлү, вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов катышууда. Биримдикке Орусия, Казакстан, Беларусия, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.
​
XS
SM
MD
LG