Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

ЖАЛАЛАБАДДА ПРЕЗИДЕНТКЕ ЭЛ БААТЫРЫ НААМЫН ЫЙГАРУУ СУНУШТАЛДЫ


ЖАЛАЛАБАД. Президент Аскар Акаев Жалалабад облусунда иш сапар менен болду. Ал адегенде Базаркоргон районундагы АБРдин колдоосунда ишке ашырылып жаткан таза суу долбоору менен таанышты. Андан соң, облустук кызматкерлер менен жолугушту. Жолугушууда президент социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Жалалабаддагы өнөр-жай, айыл-чарба жетишкендиктери менен жакырчылыкты кыскартуу, Ош - Бишкек жолу, өзгөчө кырдаал жана кредиттик союздарды түзүү ишине ырахмат айтты. Жети айылга инвестициялык сертификат тапшырды. Өлкө башчынын пикири боюнча, той-аштар сыяктуу эле шайлоо үгүтүнө мораторий жарыялоо, шайлоо өнөктүгүн Орусия сыяктуу үч айда бүтүрүү абзел. Жыйында сүйлөгөн айрым атуулдар Аскар Акаевдин бийликте узак мөөнөт туруусу жана ага Кыргыз Эл баатыры наамын берүү жөнүндө ойлорун билдиришти.

XS
SM
MD
LG