Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү Як-40 учагынын кырсыкка учурашына учкучтун жаңылыштыгы себеп болгон деп болжолдошту


Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү 13-январда кырсыкка учураган Як-40 жүргүнчүлөрдү ташуучу учагынын кулап түшүшүнө учкучтун жаңылыштыгы себеп болгон деген божомолун билдиришти.
Өкмөттүн өкүлү Малик Кадыровдун айтымында, адистер учактын бузулушун жана террордук аракеттерди кырсыктын себептеринин тизмесинен алып ташташты.
Термезден учуп чыккан Як-кырк Ташкенден аба майданында конуп баратып конуу тилкесинен чыгып кеткен.
Учактагы 37 жүргүнчүнүн баары, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Өзбекстандагы миссиясынын башчысы да кайтыш болгон.

XS
SM
MD
LG