Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Ирандын президенти Мохаммад Хатами Тегеран эч качан жапырт кыргын салуучу куралга жетүүгө аракеттенген эмес деп билдирди


Бул тууралуу Мохаммад Хатами шаршембиде Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында өткөн маалымат жыйынында жарыя кылды.
“Иран эч качан өзөктүк куралдын артынан түшкөн эмес, анан эмне үчүн биз азыр аны токтотууга муктаж болмок элек? Биз башынан эле өзөктүк куралды жайылтууга каршы болуп келеатабыз. Ошондон улам, биздин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташтыгыбыз ачык- айкын жүргүзүлүүдө”,-деди президент Хатами.
Ал Иранда келерки айда өтө турган шайлоого өлкөдөгү бардык саясий күчтөр катышат деген ишеничин билдирди. Давосто Ирандын президенти Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро менен сүйлөшүү өткөрдү, Вашингтонго ишенич жок деп, АКШнын өкүлдөрү менен жолугушпастыгын ал алдын-ала айткан.

XS
SM
MD
LG