Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Ирактын тышкы карызынын үчтөн экисин кыскартуу тууралуу макулдашылды


АКШ жетекчилигинин айтымында, дагы төрт араб мамлекети Ирактын тышкы карызын жеңилдетүүгө макул болду. Президент Жорж Буштун атайын өкүлү Жеймс Бейкер өткөн аптада Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Сауд Арабияда болуп, алардын жетекчилери менен маселени талкуулап келген. Кечээ күнү Давостогу форумда Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вульфенсон чыгып сүйлөп, Ирактын 120 миллиард долларга жеткен тышкы карызынын үчтөн экисин кечүү тууралуу макулдашуулар жетишилди деп билдирди.

XS
SM
MD
LG