Пакистандын президенти Первез Мушарраф кечээ күнү Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Экономикалык форумда чыгып сүйлөп, Индия менен өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктаарына ишенгенин билдирди. Индиянын түндүгүндөгү Кашмир дубанынын бир бөлүгүн Пакистан басып алган жана эки өлкө ортосунда мурда болгон үч сөгүштүн экөө Кашмир чатагынан чыккан. Дубандын көпчүлүк калкы мусулман жана Индия британиялык оторчулуктан бошоп, аны менен кошо Пакистан пайда болгондо, Кашмирдин келечеги боюнча референдум өткөрүлөт деп макулдашылган, бирок Индия аны өткөргөн эмес.