Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жазуучу Көчкөн Сактанов 60 жашта


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгилүү жазуучу, даматург жана публицист Көчкөн Сактановдун 60-жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Ага өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандагы чыгармачыл чөйрөнүн, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Көчкөн Сактанов Ош облусуна караштуу Алай районунун Корул кыштагында туулган. Жазуучунун алгачкы чыгармалары өткөн жылдын 60-жылдарында жаралган. Көчкөн Сактанов «Абат дүйнө», «Сталиндин заманы», «Чөөлөрдүн заманы» романдарынын, ондогон аңгемелелердин автору. Сактанов ошондой эле жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен бирге «Курманжан датка» тарыхый драмасын жазган, трагикомедиялардын жана очерктердин автору.

XS
SM
MD
LG