БИШКЕК. Орусия Федерациясында иштеген эмгек мигрантары ай сайын Кыргызстанга кеминде 10 миллион доллар жиберип турат. Алар муну менен Кыргызстандагы саясий жана социалдык туруктуулукту кайсы бир деңгээлде камсыз кылышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Төлөн Турганбаев бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россияда иштеген кыргызстандыктардын саны 200 миңдин тегерегинде жана алардын 90% соода тармагында иштешет. Бирок, акыркы кезде курулуштагылардын саны да арбып баратат. Орусиядагы ишин мыйзамдаштыруу кыргызстандык мигранттарынын башкы маселеси болууда. «Бул маселени чечүү үчүн орус шаарларында консалтинг фирмаларды түзүп жатабыз» дейт Турганбаев.
Орусиядагы эмгек мигранттары Кыргызстандагы саясий социалдык коопсуздукту камсыздал турат