Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Жазаны аткаруу башкармалыгында ишеним телефону орнотулду


БИШКЕК. Юстиция министрлигинин алдындагы жазаны аткаруу башкармалыгында ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти. Ишеним телефону аркылуу соттон жабыр тарткан, күнөөсүз сот жообуна тартылган, камактарда жаза өтөө мезгилинде запкы көргөн атуулдар жана алардын туугандары кайрыла алышат. Маалымат кызматынан кабарлашкандай, келечекте ишеним телефондору өлкөдөгү жаза өтөө жайларында да орнотулушу күтүлөт. Мындай иш-чаралар өлкөдө жүргүзүлүп жаткан пенитенциардык системаны реформалоонун алкагында жүргүзүлүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандагы жаза өтөө жайларында отурган адамдардын саны 18 миңге жакын. Республикада жалпысынан 35 жаза өтөө жайлары бар.

XS
SM
MD
LG