Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Европанын космостук агенттиги Марста муз таризиндеги суу бар экенин аныктады


БРҮССЕЛЬ. Европанын космостук агенттиги Марс планетасында муз таризиндеги суу бар экенин аныктады. Ошентип Марс-экспресс космостук аппаратынын жардамы менен АКШнын НАСА космостук агенттигинин мындан мурда айткан божомолу бышыкталды. Муздун ири көлөмү планетанын жер кыртышынын бир метрлик тереңдигинен табылган. Бул факт Марста жашоо болгон деп божомолдогонго негиз берет. Анын аралыгында, НАСАнын адистери "Спирит Ровер" деген марс жүргүсү менен байланышты калыбына келтирүүгө аракеттенип жатышат. Спирит Ровер менен НАСАнын ортосундагы байланыш шаршемби күнү үзгүлтүккө учураган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG