УЛУТТАР УЮМУ. Былтыр жумушсуздук дүйнө жүзү боюнча рекорддук деңгээлге жетти. Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, былтыр дүйнө жүзү боюнча 186 миллион киши жумушсуз болгон, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу жарым миллионго көптүк кылат. Жумушсуздуктун себептеринин катарында Ирактагы согуш, өнөгөсүз өпкө оорусунун эпидемиясы жана калк арасында терракттардан чочулоо көбөйгөндүгүнө байланыштуу туристтик бизнес тармагынын кескин төмөндөөсү аталат.