Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Кувейтке дагы 100 жапон солдаты келди


КУВЕЙТ ШААРЫ. Иракта гуманитардык миссияны аткарып жаткан япон аскерлерине жардам берүү үчүн дагы кошумча 100 жапон солдат кошуна Кувейтке келди. Алар Ирактын Самава шаарына гуманитардык жардам жана курулуш материалдарын жеткирүүгө көмөктөшөт. Өткөн жумада Самавага 30 чакты жапон солдаты келген. Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Койидзуми япондордун каршылыгына карабастан Иракка бир миң солдат жибергенге макулдугун берген. Оппоненттер бул чечим Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин кабыл алынган жапон конституциясына кайчы келерин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG