Томас Клестилдин Ирандагы визити төрт күнгө созулат. Веналык жогорку даражалуу конок Тегеранда жергиликтүү жетекчилер, президент Мохаммад Хатами менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Экономикалык кызматташтык маселелери негизги темалардан болот деп айтылууда. Клестилди Тегеранга австриялык жоон топ бизнесмендер коштоп келишти.