Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Бириккен Улуттардын өкүлчүлүгү жекшембиде Чеченстанга келет


Бириккен Улуттардын баш катчысынын орун басары Ян Игланд жетектеген өкүлчүлүк жекшемби күнү Чеченстанга келмей болду. Алар качкындар айылдарын кыдырып, Чеченстан менен кошуна Ингушетиянын жетекчилери менен жолуккандан кийин Маскөөгө келип, Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен дагы кездешет. Орус өкмөтү бардык качкындарды үй-үйлөрүнө тез арада кайтарууну көздөөдө, Бириккен Улуттар болсо ал тууралуу өз тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG