Бишкек. Февраль айында Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Бул тууралуу Тажикстан менен чек араны делимитациялоо боюнча кыргыз өкмөттүк комиссиясынын башчысы, тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева билдирди. Анын айтымында, учурда чек араны кайсы документтердин негизинде аныктоонун үстүндө эки тараптын укуктук тобу иштеп жатат. «Ошондой эле кайчы пикирлерди жаратпаган жерлерди делмитациялоо иштери жүрүп жатат жана алгачкы натыйжалар бар», деп кошумчалады Иманалиева. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылы башталган.