Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:24

Элдик конгресс Мелис Эшимкановго кайрылды


БИШКЕК. Элдик конгресс «Эл» партиясынын төрагасы Мелис Эшимкановго укук коргоочу Турсунбек Акун жана «Аалам» гезитинин редакциясы менен соттошууну токтотуп, жарашууну сунуштады. Мелис Эшимканов Конгресстин бул кайрылуусуна кийинки аптада жооп берээрин билдирди. Бул тууралуу бүгүн Элдик Конгресстен маалымдашты. 19-январда Бишкек шаардык соту Мелис Эшимкановдун эсебине «Аалам» гезитинин редакциясынан 500 миң сом, ал эми укук коргоочу Турсунбек Акундан 50 миң сом айып пул өндүрүп берүү тууралуу чечимин чыгарган. Мелис Эшимканов «Аалам» гезитинин өткөн жылдагы санындагы Турсунбек Акундун «Мелис Эшимкановдун саясий жана адамдык жүзү» деген макаласы адамдык аброюма шек келтирди» деп, укук коргоочудан 2 млн сом, ал эми «Аалам» гезитинин редакциясынан 3 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүп, арызын жолдогон. «Аалам» гезитинин редакциясы менен Турсунбек Акун Жогорку сотко аппеляциялык арыз менен кайрылышаарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG