Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Крис Паттен Кыргызстанга келет


Бишкек. Март айында Кыргызстанга Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Крис Паттен келет. Ал өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөрүп, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусун өнүктүрүү маселесин талкуулашы күтүлүүдө. Крис Паттендин сапары учурунда Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ачуу маселеси да каралмакчы. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын башчысы Болот Отунбаев билдирди. Анын айтымында, Крис Паттендин сапарынын учурунда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташуусу боюнча биргелешкен комитеттин жыйыны да өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG