Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Бүгүн АКШнын Когрессинин өкүлдөрү Ливияга келишет


Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин өкүлдөрү көп жылдардан бери бүгүн алгач ирет Ливияга келишет.
Бул тууралуу делегациянын жетекчиси, республикачыл конгрессмен Курт Уэлдон билдирди. Анын айтымында Ливиянын лидери Муамар Каддафинин дүйнө коомчулугу менен Ливиянын ортосундагы тынчтык байланыштарды жакындатуу боюнча акыркы мезгилдеги кабыл алган чечимине колдоо көрсөтүлөт.
Ошондой эле конгрессмендер Каддафи менен жолугушат.
Жакында Ливия жапырт кыргын салуучу куралдарды иштеп чыгууну токтотуу тууралуу жарыя кылды жана эл аралык инспекцияга өзөктүк жайларын текшерүүгө уруксат берилди.

XS
SM
MD
LG