Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Иракта соңку кол салуудан америкалык алты жана ирактык жети жоокер өлдү


Халдия шаарындагы автоунаанын жардыруусунан америкалык үч аскер кызматкери өлүп, бир канчасы жаракат алышты.
Ал эми Фаллужа шаарында жол боюнда коюлган бомбанын жардыруусунан америкалык эки аскер кызматкери өлдү.
Самарра шаарындагы жергиликтүү соттун имаратынын алдындагы автоунаадагы жардыруудан төрт жергиликтүү жаран өлүп, 40ка жакын адам жарадар болду.
Ирактын башка шаарларындагы кагылышуунун кесепетинен үч жергиликтүү полиция каза тапты.
Иракта бүгүн америкалык дагы бир жоокер өлдү. Команда башчысынын билдирген маалыматына караганда, Бейжи шаарынан набыт болгон жоокердин автоунаасына ок атылган.

XS
SM
MD
LG