Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Укук коргоочу Турсунбек Акун президенттик кызматка Адахан Мадумаров татыктуу деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун бүгүн билдирүү менен чыгып, оппозиция өкүлдөрүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун айланасына баш кошууга жана келечектеги президенттик шайлоодо оппозициянын бирдиктүү талапкери катары А.Мадумаровду көрсөтүүгө чакырды. Турсунбек Акундун пикири боюнча, кыргыз калкы жана оппозиция өкүлдөрү Грузия тажрыйбасын эске алып, жаш жана кыргыз элинин патриоту Адахан Мадумаровду колдоого тийиш. “Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө 40 жаштын тегерегиндеги муундар бийликке келүүдө, Кыргызстанда да ошондой болуп, муун алмашса туура болор эле», - дейт укук коргоочу Турсунбек Акун.

XS
SM
MD
LG