Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кызыл крест уюму Саддам Хусейнди Иракта соттоого чакырды


Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн Ирактын күнкорсуздугу калыбына келтирилгенден кийин гана соттолушу мүмкүн.
Бул жөнүндө Эл аралык Кызыл Крест уюму жекшемби күнү билдирди. Уюмдун өкүлүнүн Франс пресс агенттигине айтышынча, Ирак Кошмо Штаттардын көзөмөлүндө турган кезде - Женева келишимине ылайык - Саддамды согуш туткуну деп таанууга жана соттоого болбойт.
Согуш туткундары жөнүндөгү Женева келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл Крест уюмунун вазийпасы.
АКШ үстүбүздөгү айда Саддамды согуш туткуну деп жарыялаган. Бул жарыя, Кызыл Крест уюмунун маалымдашынча, Саддам эгемен өлкөнүн аскерий трибуналы же эл аралык атайын трибунал тарабынан соттолуш керек дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG