ТАЛАС. Өткѳн жылдын 24-декабрында Талас облусунда малдын шарп ылаңынын жайылышына жол бербөө максатында карантин жарыяланып, мал базарлардын иши бир айга убактылуу токтотулган эле. Бул мезгил аралыгында 120 миңден ашуун бодо мал атайын эмдѳѳдѳн ѳткѳрүлүп, мал базарлар болсо 25-январдан тартып кайрадан иштей баштады. Дары-дармек кеч жеткирилип жана ал жетпей калган аймактарда азыр да эмдѳѳ иштери жүрүп жатат. Ветеринария адистеринин айтымында, Кыргызстанда шарп ылаңынын 8 түрү белгилүү. Таластагы бодо мал анын эки түрүнѳ чалдыккан. Эмдѳѳ иштери такай жүргүзүлүп турбаса, бодо мал шарптын калган түрү менен да ылаңдашы мүмкүн экендигин адистер эскертип жатышат.