Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:17

Бишкекте миграция маселеси талкуланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Пинара» мейманканасында «Ысыккөл диалогу» аттуу эларалык конференциянын миграция маселесине арналган төртүнчү отуруму башталды. Жыйын Миграция боюнча эларалык уюм, Эмгек боюнча эларалык уюм, Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы жана Кыргызстандын миграция жана качкындар боюнча аймактык борбору тарабынан уюштурулууда. Ага көптөгөн мамлекеттерден 100дөн ашуун өкүл катышууда. Эларалык уюмдардын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, конференциянын максаты - ар кандай өлкөлөрдүн миграцияга байланышкан мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана эларалык конвенциялардын аткарылышын көзөмөлдөө. Конференциянын иши 4 күнгө созулуп, 29-январда аяктайт.
XS
SM
MD
LG