БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаев Орусия Федерациясына жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, сапар натыйжалуу болуп, Орусиянын ырасмий жетекчиликтери менен 17 жолугушуу өткөрүлдү. Анын натыйжасында Москва облусунун губернатору Борис Громов менен премьер-министр Николай Танаев «2004-2005-жылдарда соода-экономикалык кызматташтык боюнча» келишимге кол койгон. Кыргыз тарап жолугушууларда Орусиядан айыл чарба машиналарын лизингге алуу, жер семирткичтерди сатып алуу жана өлкөнүн авиапаркына эки учак жана бир нече тик учак алуу маселесин койгон.