БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Ысыккөл облусунда иш сапары менен болду. Мамлекет башчысы Чолпоната шаарында облус губернатору Токон Шайлиева баш болгон жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 27-январда Аскар Акаев Нарын облусуна иш сапары менен бармакчы.