Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Тажикстандын чек ара кызматынын офицери Өзбекстандын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн 20 жылга кесилди


Лейтенант Фармон Файзилов Өзбекстандын коопсуздук кызматына жашыруун сырларды сатканы үчүн айыптуу деп табылды. Тажикстандын Аскердик соту өкүмдү өткөн жума күнү чыгарган. Айыпкердин үстүнөн сот жараяны жабык эшик артында жүрдү. Фармон Файзилов Тажикстандагы атуулдук согуш учурунда оппозиция тарапта согушкан. 1997-жылы, согуш аяктаган соң Улуттук армиянын катарына кошулган эле.

XS
SM
MD
LG