Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Ирандын өкмөтү келерки айдагы парламенттик шайлоону өткөрүүдөн баш тартышы мүмкүн


Өкмөттүн өкүлү Абдулла Рамазанзаде бүгүн билдиргендей, өкмөт "адилетсиз " шайлоону каржылай албайт. Бүгүн азыркы парламенттин көпчүлүк мүчөлөрү өлкөнүн Көзөмөл кеңешине наразылык ирээтинде отставкага кетүүгө даяданып жатканы да маалымдалды. Иранда Конституциялык орган катары саналган Көзөмөл кеңешинин депутаттыка талапкер болгон 8200дөй адамдын дээрлик жарымынын шайлоого катышуусуна тыю салган эле жана мындай чечим өлкөдө саясий кризистин тутанышына алып келди. Ал эми кечээ Көзөмөл кеңеши аталган органдын парламент депутаттыгына талапкерлерди шайлоого катышуудан четтетүү укугун чектеген мыйзамды кабыл алуудан баш тартты. Мыйзамды миңдеген талапкерлерди шайлоого катыштыруу аракетинде Ирандын реформачылар басымдуулук кылган парламенти сунуш кылган болчу. Парламенттик шайлоо 20-февралга белгиленген.

XS
SM
MD
LG