Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Орусия Улуттар Уюму Иракка кайтып барышы керек деп эсептейт


Бул тууралуу бүгүн орус президенти Владимир Путин Москвада АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен кездешүү учурунда билдирди. Путиндин айтымында, Орусия Ирактын жаңы бийликтерине саясий жана моралдык колдоо көргөзүүдө:

- Ирактын иштерин жөнгө салуу боюнча талкуулар уланууда. Биз дагы сиздер сыяктуу Улуттар Уюму Иракка кайтып барыш керек деп эсептейбиз. Сиз билгендей Москвада Ирактын Башкаруу кеңеши менен сүйлөшүүлөр болгон. Ушул фактынын өзүн Ирактын Башкаруу кеңешине көргөзүлгөн саясий жана моралдык колдоо катары баалайбыз.

В.Путиндин пикиринде, Орусия менен АКШнын алакасы бекемделүүдө жана эки тарап кандай талаш маселе болбосун диалог жолу менен чече алат. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл өз тарабынан АКШнын президенти Жорж Буш эки өлкөнүн азыркы мамилесине канааттанарын белгиледи. Президент Путиндин алдында Пауэлл орус тышкы иштер министри Игорь Иванов менен кездешти, ошондой эле коргоо министри Сергей Иванов менен да жолугат.

XS
SM
MD
LG