Дүйшөмбү күнү НАТОнун жаңы башкатчысы Яап де Хооп Схеффер Түндүк Атлантика альянсы Иракта маанилүү роль ойноосуна кызыкдар экенин билдирди жана ал үчүн Бириккен Улуттар Уюмун Ирактагы эл аралык күчтөр боюнча жаңы резолюция кабыл алууга чакырды. Ал бирок НАТО Иракта кандай роль ойноорун так айпады.
Схеффердин сөзүнчө, бийлик Ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөндөн кийин, аердеги стабилдештирүү күчтөрүнө жаңы өлкөлөрдүн аскерлерин тартуу үчүн Улуттар Уюмунун резолюциясы өтө пайдалуу болмок.
АКШ июль айында Иракты башкарууну өлкөнүн утурумдук өкмөтүнө өткөрүп берет деп болжолдонууда.