Ирандын Көзөмөлдөө кеңеши миңдеген талапкерлерди парламенттик шайлоого катыштырбай койгонго байланыштуу өлкөнүн реформачыл өкмөтү 20-февралда болчу саясый өнөктүктү уюштурбай коюшу мүмкүн. Бул жөнүндө Иран өкмөтүнүн өкүлү дүйшөмбү күнү билдирди. Өкүл ошондой эле Мохаммад Хатаминин өкмөтү “адилетсиз шайлоону” каржылабай турганын эскертти.
Көзөмөлдөө кеңеши 8200дөй талапкердин дээрлик жарымынын шайлоого катышуусуна тыйуу салган.
Кеңештин чечимин макул көрбөгөн көпчүлүк парламентарийлер депутаттык мандаттарын тапшырып берүүгө камданышууда.
Дүйшөмбү күнү Брюсселде Евросоюздун тышкы иштер министрлери Иран менен экономикалык кызматташуу боюнча жаңы келишимдин долбоорун талкуулашты.
Европа Союзунун учурдагы төрагасы, Ирландиянын тышкы иштер министри Бриан Ковен жыйында сүйлөп, Евросоюз “Ирандагы шайлоо эркин жана калыс өтөт деген үмүттө” экенин билдирди.