Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

Британ парламентинде маанилүү талкуулар болмокчу


Кечке жуук өкмөттүн жогорку окуу жайларындагы акы төлөмдөрүн жогорулатууну караган мыйзам долбоору колго салынат. Премьер-министр Тони Блэр бүгүнкү добуш берүүнү өзү үчүн чоң сынак деп атады. Блэрдин кабинети сунуш кылган бу долбоорго анын лейбористтер партиясынан көпчүлүк депутаттар каршы чыгууда. Долбоор колго салынган соң парламентте аскери эксперт Дэвид Келлинин өлүмүн иликтеген комиссиянын отчету жарыя кылынат. Эки маселе тең өлкөдө коомчулуктун бүйүрүн козутуп, кеңири талкуу-талаштарды пайда кылган эле.

XS
SM
MD
LG