Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Баткен району менен Исфара районунун суу көйгөйү чечиле турган болду


БАТКЕН. АКШнын Эларалык өнүктүрүү боюнча агенттигинин колдоосу менен Исфара районундагы Карабак каналын оңдоп-түзөө иштери ушул жумада башталды. Жалпы наркы 8 миң АКШ долларын түзгөн бул долбоор аяктаса Баткендин Достук, Тажикистандын Чарбак жана Карабак айылдарындагы сугат сууга болгон муктаждык жоюлат. Аталган каналдын эскилиги жетип, көп жери тешилип кеткендиктен бул үч айылга тиешелүү өлчөмдөгү суу жетпей калган. Ал эми кошуна элдердин ортосунда өзгөчө, жаз айларында суу талаштын айынан чыр-чатактар чыгып турган. Аталган долбоор ушундай чыр-чатактарды жоюу жана алдын алуу максатында Карабак каналын оңдоп-түзөө иштерин жүзөөгө ашырууда. Мындай маалымат долбоордун кызматкери Анна Кулиевадан 27-январда алынды.

Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты.

XS
SM
MD
LG