Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Президент Аскар Акаев Нарын облусунда болду


НАРЫН. 27- ЯНВАРЬ. Президент Кочкор районундагы Семизбел айыл өкмөтүндөгү «Баба дыйкан» чарбасынын иши менен таанышып, Көкжар айылындагы мектептин ачылышына катышты. Мындан соң Кочкор айылындагы Жыргалбек Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө облустун активи менен жолугушту. Президент социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылында шайлоого чейинки үгүт иштерди жана ашкере тойду токтотуу жөнүндө мораторийдин зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи. Чыгып сүйлөгөндөр кедейчилик жоюларын, эл болсо өлкөдөгү тынчтыкты сактаган президент менен бирге экендигин айтышты. Нарындыктар мамлекет башчысына Балыкчы - Кочкор - Каракече темир жолу салынса, жолдор оңдолсо деген өңдүү тилектерин жолдошту.

XS
SM
MD
LG