Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Николай Танаевдин насыя акча алышы парламентте каралууда


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика боюнча комитети «Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун премьер-министр Николай Танаевге 102 миң доллар үстөксүз насыя беришин карады. Комитет мүчөлөрүнө бул маселе боюнча «Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун төрагасы Бакирдин Сартказиев маалымат берди. Ал премьер-министрдин насыя алуусунда мыйзам бузуулар болбогонун белгиледи. Бирок депутаттар маселенин моралдык жагын карашып, премьер-министрдин кадамын туура эмес баалашты. Жыйындын жүрүшүндө бул ишти эми палатанын кароосуна алып чыгуу, ал эми Башкы прокуратурага болсо дыкат иликтөө сунушталды.

XS
SM
MD
LG