Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

Тыңшоочу аппараттардын маселесин Эл өкүлдөр палатасы талкууга алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Мыйзам чыгаруу жыйынынын алты депутатынын иш кабинетине коюлган тыңшоочу аппараттар боюнча жыйын өткөрдү. Анда депутаттардын суроолоруна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов менен Башкы прокурордун орун басары Рустам Исаев жооп беришти. Жыйын Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура өкүлдөрү берген маалыматтар эске алынсын, палатанын март айындагы сессиясында тыңшоочу аппараттардын коюлушун иликтөө иштеринин аткарылышы тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилери маалымат беришсин деген чечим кабыл алды. Андан тышкары палата төрагасына Жогорку Кеңештин имаратынын коопсуздугу тууралуу маалымат берүү сунушталды.

XS
SM
MD
LG