Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Канаттуулардын сасык тумоосу Кытайга да “жетти”


Кытайда канаттуулардын сасык тумоосу катталганы ырасмий түрдө тастыкталды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Гуанчжоу провинциясында өрдөктөр сасык тумоо болушканын өкмөттүк Синхуа агенттиги шейшемби күнү кабарлады.
Кытай бакма куштардын коркунучтуу илдети каптаган 10чу өлкө.
Азыр Кампучи, Индонезия, Япония, Лаос, Пакистан, Түштүк Корея, Тайван, Тайланд жана Вьетнамда канаттуулардын сасык тумоосуна каршы айоосуз күрөш жүрүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык коомчулукту канаттуулардын сасык тумоосунун вирусу адамдарга жугуп, эпидемияга айланып кетпөөсү үчүн бардык аракетти жасоого чакырды.
Уюмдун региондогу директору Шигеру Оми шейшемби күнү Вьетнамда илдеттин алдын албаса, анын зыяны олуттуу болот деп эскерти:

- Бизди өзгөчө вирустун адамга жугуучу формага айланып кетүү мүмкүнчүлүгү тынчсыздандырат. Ага жетсе, дартка чалдыккан же өлгөн адамдардын саны өткөн жылы SARS каптагандан бир кыйла көп болот деп айта алам.

Адистердин айтышынча, илдет адамдарга кесел тооктордон жана башка канаттуулардан жугушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG