Президент Жорж Буш шейшемби күнү Вашингтондо кабарчылар менен болгон кездешүүдө Кошмо Штаттардын Иракка каршы согушун коргоду.
Буштун айтымында, Саддам Хусейндин режими Америкага коркунуч туудуруп жаткан кезде, АКШлык күчтөрдүн Иракка басып киргени туура иш болгон.
Ал бирок “Иракта массалык кыргын салчу куралдар табылабы?” деген суроону жоопсуз калтырды.
Жорж Буш Иракка басып кирүүнүн зарылдыгына байланыштуу билдирүүнү америкалык эксперт Девид Кейге жооп иретинде жасады.
Кошмо Штаттардын Каруу жарак боюнча мурдагы башкы инспектору Дэвид Кей акыркы күндөрү бир нече форумда сүйлөп, соңку тогуз айда өткөрүлгөн изилдөөлөр, анда “Иракта тыйуу салынган куралдары болбогон” деген терең ишенимди пайда кылганын билдирген эле.