Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

«Алай-Баткен» электр зымынын курулушу солгун жүрүүдө


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин өнөр жай жана курулуш бөлүмүнөн 28-январда алынган маалыматка караганда, өткөн жылдын соңуна дейре бүтүшү болжолдонгон жогорку чыңалуудагы Алай-Баткен электр зымынын курулушу өтө эле солгун жүрүп, бүгүнкү күндө 40% ашыгыраак иштер гана аткарылган. Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржысы менен ишке ашууда. Ал эми иштин солгун жүрүүсүнө акчанын кечигиши себеп болгон.
Долбоордун алкагында Айгүлташ подстанциясынын курулушу өткөн күздө толук аяктады. Учурда Кызылкыядагы Алай подстанциясынан линия тартуу иштери бүтпөй жатат.
Жогорку чыңалуудагы Алай - Баткен электр зымы ушул жылдын 15- апрелине чейин толук бүтүшү керек деп болжолдонгон.


Кабарларды Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров даярдады

Редактор Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG