Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Кыргызстанда канаттуулардын сасык тумоо дартына каршы чаралар көрүлүүдө


БИШКЕК. Республикалык Ветеринария департаменти буйрук чыгарып, Чыгыш Азия мамлекеттеринен Кыргызстанга канаттуулардын этин сатып келүүгө убактылуу тыйуу салды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» аталган департаменттен маалымдашты. Бишкек ветеринардык башкармалыгына базарлардагы тоок эттерин текшерүү, мыйзамсыз жол менен алынып келинген тоок эттерине көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды. Бакма куштардын сасык тумоосу Чыгыш Азиядагы он өлкөнүн аймагында катталган.

XS
SM
MD
LG