Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Ысыккөлдөгү 5 пансионат азырынча Кыргызстандын менчигинде


БИШКЕК. Ысыккөлдүн жээгинде жайгашкан, Казакстандын менчигине биротоло өтүшү ыктымал 5 пансионаттын тагдыры азырынча чечиле элек. “Астанадагы келишимге ылайык бир айдын аралыгында бул маселе жөнгө салынышы керек”, - деп билдирди Мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасынын орун басары Анатолий Макаров бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, пансионаттар 1991-жылдын 1-январынан бери Кыргызстандын менчиги экендиги тууралуу юридикалык документтер бар. Бирок, казакстандык жеке ишкерлердин пансионатка сарп кылынган инвестицияларын төлөп берүүгө мамлекеттик мүлк комитетинин каражаты жок.

 

XS
SM
MD
LG